Ош ИИББдин башчысы Сирияга азгыргандар тууралуу: улуулардын да күнөөсү бар

© Фото / cercamonПанорама города Ош. Архивное фото
Панорама города Ош. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициядан билдиришкендей, учурда Оштун 72 тургуну Сирияга кеткен.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жаш муундарды жоготуп жатканыбызга улуулардын да күнөөсү бар экенин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

Кемпирдин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоңдун жашоочусу 76 жаштагы энесин баш кылып, 24 тууганын Сирияга алып чыгып кеткен
ИИББдин жетекчилигинин демилгеси менен Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу уюштурулуп, коопсуздук маселелери талкууланды.

Өмүрзаковдун айтымында, терроризм адамдардын өмүрүнө, эркиндикке жана коомдун демократиялык түзүлүшүнө коркунуч жаратууда. Ал ошондой эле, бүгүнкү күнү Оштун 72 тургуну Сирияга кеткени маалым экенин айтып, алардын 14тү аялдар, 12си жашы жете электер экенин кошумчалады.

"Азгырууларга алданбаш үчүн коңшулары жана туугандары кишиге катуу таасир бере алат", — деди ал.

ИИББдин башчысы баланы тарбиялоого биринчи кезекте үй-бүлө милдеткер экенин кошумчалады.

"Автобуста улууларга орун бербеген жаштарга таң калбай деле калдык. Барын заманга шылтайбыз. Бирок анын чыныгы маңызы кайда жатканын ойлогубуз келбейт", — дейт ал.

Өмүрзаков алдын алуу иштеринде баарлашуу жакшы натыйжа бере турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0