Тайбоксчу Шевченко MMA чемпиондугу үчүн америкалык спортчу менен күч сынашат

© Фото / пресс-служба федерации тайского бокса КРКыргызстанская тайбоксер Валентина Шевченко
Кыргызстанская тайбоксер Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченконун атаандашы джиу джитсу боюнча АКШнын чемпиону болуп саналат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко аралаш жоокердик өнөр болгон LegacyFightChampionship 50 ММА чемпиондугу үчүн күрөшүү боюнча келишимге кол койгонун КРдин тайбокс федерациясы билдирди.

Тайбокс боюнча жети жолку дүйнө чемпиону Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко реалити-шоунун каарманы болот
Беттеш 2016-жылдын 22-январында Американын Хьюстон шаарында өтүп, ал 5 мүнөттүк 5 раунддан турат.

Шевченко 135 фунт (61,2 килограмм) салмагында күч сынашат. Буга чейин бул титул аталган салмактагы учурдагы чемпион Холли Холмго тиешелүү болуп келген.

Валентинанын атаандашы Келли Фажолс джиу джитсу боюнча АКШнын бир нече жолку чемпиону болуп саналат.

Федерация кыргызстандык спортчу учурда аталган таймаш үчүн даярдыктарын машыктыруучусу Павел Федотовдун жетекчилиги алдында баштаганын белгилейт. Машыгуунун биринчи этабы Индонезиянын Бали аралындагы Денпасар шаарында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0