Таластын Тамчы-Булак айылы бала бакчалуу болду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакчада сабак учуру. Архив
Бала бакчада сабак учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик тайпалар толугу менен тийиштүү эмерек, жабдык, оюнчук, методикалык жана окуу адабияты менен камсыздалганын белгилейт.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районундагы Тамчы-Булак айылында 50 орундуу бала бакча ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Биринчи Май районундагы мектеп менен бала бакчаларга видеобайкоо орнотулууда
Маалыматка ылайык, жалпы наркы 3 миллион 870 миң сомдук курулуш былтыр башталган. Анын 3,1 миллион сому мамлекеттик стимгранттын эсебинен каралса, калган акчаны жергиликтүү тургундар жана демөөрчүлөр чыгарган. 

Бала бакча бүгүнкү күндүн талабына жооп берип, мектепке чейинки курактагы наристелердин сапаттуу билим алышына, тарбияланышына шарт түзөт. Тайпалар толугу менен тийиштүү эмерек, жабдык, оюнчук, методикалык жана окуу адабияты менен камсыздалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0