Айтматов атындагы орус драма театры 80 жылдыгын белгилөөдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЧыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик орус драма театры. Архив
Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик орус драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын программасында көргөзмө менен катар театрлаштырылган оюн-зоок, спектаклдердин үзүндүлөрү тартууланат.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик орус драма театры 80 жылдык мааракесин белгилеп жатканын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жамал Сейдакматова: Муратбек Рыскулов — сахнанын королу болчу
Маалыматка ылайык, иш-чара улуу жазуучуну туулган күнүнө карата өткөрүлүүдө. Келген көрөрмандар театрдын фойесинде уюштурулган көргөзмөгө күбө болушууда. Анда маданият мекемесинин 80 жылдык тарыхы, ийгиликтери сүрөттөрдө чагылдырылган.

Мындан тышкары, аталган театр уюшкандан бери өзү сахналаштырып келген чыгармалардан үзүндү коюп, театрлаштырылган оюн-зоок тартуулайт.

Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, чыгармачыл интеллигенция, театр ишмерлери катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0