Атамбаев артисттерди улуттук орус драма театрынын юбилейи менен куттуктады

Жазылуу
Президент театрдын эмгек жамаатка ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын эмгек жамаатын театрдын 80 жылдыгы менен куттуктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Куттуктоо жолдогон мамлекет башчысы Орус драма театрынын тарыхы өлкөбүздүн тарыхы менен тыгыз байланышкандыгын белгилеген.

"Чыгармачылык жолун алыскы отузунчу жылдары "Борбор" спектаклинин премьерасынан баштап, театр республиканын маданий турмушуна жигердүү аралашты. Сиздер көп жылдар бою театралдык сахнада асыл ойлорду, терең сезимдерди чагылдырып, чындыкты жана сулуулуктун дүйнөсүн көрүүчүлөргө тартуулап келесиздер", — деген Атамбаев.

Андан ары эмгек жамааты жетишкен ийгиликтер — көптөгөн муундагы актерлордун чыгармачылык изденүүсүнүн жана шыктануусунун натыйжасы экендигин айткан. 

"Улуттук орус драма театрын Кыргызстандын эл артисттери Мария Стряпкина, Эммануил Праг, Леонид Ясиновский, Александр Кулешов, Тамара Варнавских, Клавдия Гурьева сыяктуу ишмерлерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Алардын ысымдары театрдын тарыхында түбөлүккө калат", — деп белгилеген президент. 

Ушул жылдары театрдын репертуарында кыргыз жазуучулары жана драматургдары Чыңгыз Айтматовдун, Мар Байжиевдин, Токтоболот Абдумомуновдун, Райкан Шүкүрбековдун жана башкалардын чыгармалары өзгөчө орунду ээледи.

"80 жылдык тарыхта сахна чеберлери калтырган бай мурас жаңы ысымдардын пайда болушуна, көрүүчүлөрдү руханий жактан өстүргөн кызыктуу спектаклдердин коюлушуна түрткү берет, театр мындан ары да кыргыздын залкар жазуучусунун ысымын татыктуу алып жүрөт деп ишенем", — деген Атамбаев. 

Президент эмгек жамааатка ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0