Улуттук банк өнөктөш өлкөлөрдөгү экономиканын төмөндөшүн түшүндүрдү

© flickr.com / Hans SplinterТыйындар. Архив
Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Россия, Казакстан, АКШ жана Кытай мамлекеттеринде экономикалык өнүгүү басаңдап жатканы байкалууда.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы мамлекеттин негизги өнөктөштөрүнүн экономикасы эмне себептен солгун тартып жатканын иликтеп көрдү.

Россияда экономиканын төмөндөөсү күзүндө 3,8 пайызды түзгөн. Улуттук банктын отчетунда бул айлык акынын кыскарышына байланыштуу экени айтылат. 

Казакстандын улуттук акчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казак теңгесинин алсызданышы Кыргызстанга кандай таасир берет?
Казакстандын ИДП өсүшү 1 пайызды түзүп, буга нефтиге болгон баанын арзандашы таасир тийгизген.

Улуттук банк АКШда да абал көңүл жылытарлык эмес экенин белгилейт. Бул мамлекет менен Кыргызстандын ортосундагы соода эки эсеге азайып, тоо кен иштерине инвестициянын көлөмү кыскарган.

Ал эми Кытайдагы экономиканын солгун тартышы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү азайып, негизги фонддорго инвестициянын кыскарышына байланыштырылат.

Кыргызстанда экономикалык өнүгүүнүн өсүүсү жыл башынан бери 6,3 пайызды түзгөн. Мындай жылыш айыл чарба жана тейлөө тармагынын эсебинен болгону айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0