Бишкекте паспорт алуу жөнөкөйлөнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор жарандарга ID-карт же жалпы жарандык паспорт алуу же алмаштыруу үчүн керектүү документтердин баарын бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкекте ушул жума аралыгында калкты тейлөөнүн эң ири борбору ачыла турганын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев борборду ачуу боюнча даярдыкты көрүү учурунда билдирди.

Сарпашев: МККнын аймактык бөлүмдөрү бир борборго биригет
Жетекчи бардык даярдык иштерин үч күндүн ичинде бүтүрүүгө тапшырма берди. Анын айтымында, 19-декабрь күнү борбордун ачылыш салтанаты өтүп, 21-декабрдан баштап мекеме толук кандуу иштей баштайт.

Сарпашев жаңы борбор Бирдиктүү терезенин шарты менен иштей турганын, ал жарандарга ID-карт же жалпы жарандык паспорт алуу же алмаштыруу үчүн керектүү документтерди алууга мүмкүнчүлүк бере турганын белгиледи.

"Эки сааттын ичинде паспорт алуу борбордун дагы бир жаңылыгы болуп калмакчы. Мындан тышкары, жарандар үчүн бланктарды электрондук форматта толтурууга шарт түзүлөт", — деди мекеменин төрагасы.

Жаңы борбордо аймак аралык паспорт столу, Свердлов районунун паспорт-визалык жана каттоо бөлүмү, Свердлов жана Аламүдүн райондорунун жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү жайгашкан. Имарат Чолпон-Ата менен Анкара көчөлөрүнүн кечилишинен орун алып, 1300 чарчы метр аянтты ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0