Таңшып ырдаган ак таңдай акындар мөөрөй талашты

Жазылуу
Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган айтыштын жарым жана финалдык бөлүгү өттү.

Акындардын айтышында баш байгени Асылбек Маратов багындырды
Финалдык беттешке төрт акын чыгып, баш байгени Асылбек Маратов алды. Ал эми биринчи орунду Мамелбек Исраилов, экинчи орунду Абдылда Нуралиев жана үчүнчү орунду Азамат Болгонбаев алды.

Жалпы жонунан айтышка Кыргызстандын жети дубанынын жана кытайлык кыргыздардан 22 акын катышып, андан сегизөө тандалып алынган. 

Ак таңдайлардын өнөрүн Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев баш болгон калыстар тобу баалады.

Ашым Жакыпбеков 1935-жылы 12-августта Киров районундагы Шекер айылында туулуп, 1994-жылы көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0