Сариев: жамааттык отуруштардын ордуна балдар үйүнө майрам жасап берген жакшы

Жазылуу
Сариев мамлекеттик органдардын Жаңы жылдык жамааттык отуруштары кызматкерлердин өздөрүнүн эсебинен болушу керектигин айтты.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык жаматтык майрамдык отуруштарды өткөрүүнүн ордуна ага кеткен каражатты камкордукка муктаж балдар үйү менен интернаттардын тарбиялануучуларына майрам уюштуруп бергенде жакшы болмок. 

Бул туурасында премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн аппараттынын кеңешмеси учурунда билдирди.

"Муну менен кошо эле жаматтык жаңы жылдык кечелер бардык эмгек жамааттарында жакшы салтка айланып калгандыгын белгилеп кетким келет. Бирок, азыркы шарттарда каражаттарды сарптоого тыкыр мамиле жасоо зарыл. Албетте, майрамдар алдындагы жамааттык отуруштарга толугу менен тыюу сала албайбыз. Өкмөт мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери жамааттык отуруштарды эгер өз жанынан төлөп өткөрсө, анда башка кеп", — деди Сариев.

Жаңы жылдык жамааттык отуруштарды өткөрүү боюнча өлкө ичинде буга чейин талкуулар жүрүп, мамлекеттик уюмдардын бир катары белгилебей тургандыгын айткан. Ал эми бир ишкананын эсебинен оңбогондой каражат бөлүп өткөрүү туурасында маалыматтар коомчулукка чыгып кетип, социалдык тармактардагы нааразычылыктардан улам, андан баш тартууга аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0