Улуу Британияда тереңдикте жайгашкан акыркы көмүр шахтасы ишин токтотту

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКөмүр шахтасы. Архив
Көмүр шахтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1965-жылы өз ишин баштаган 800 метр тереңдиктеги шахтада 450 киши иштеген. Жабылып жаткан шахтанын жумушчуларына компенсация катары 12 айлык маянасы төлөнөт.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Улуу Британияда тереңдикте жайгашкан акыркы Келлингли көмүр шахтасы өз ишин токтотконун РИА Новости Би-Би-Си каналына шилтеме берүү менен билдирди.

Көмүр казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери Нарында жарым миллион тонна көмүр казылган
Маалыматка ылайык, аталган кен жайы Түндүк Йоркшир аймагында орун алган. 450 кенчи 800 метр тереңдиктеги шахтадан өзүнүн акыркы күнүн иштешти. Жабылып жаткан кенде иштегендерге компенсация катары 12 айдын маянасы төлөнөт.

Буга чейин маалымдалгандай U.K. Coal Holdings Ltd компаниясына таандык делинген шахта 15-декабрда жабылмак. Аталган шахта 1965-жылдан тарта иштетилген.

Би-Би-Си каналынын маалыматы боюнча Британиянын аймагында бир нече көмүр кендери иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0