Күүгүмдө монголду тоногондор торго түштү

Жазылуу
Кыргызстанга келген чет элдикти карактаган жаны конуштун тургандарын милиция дароо тапты

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Улан-Батор шаарынан келген 31 жаштагы монгол киши Бишкектеги Чыгыш автобекетинен акчасын тонотуп жибергендигин айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Арыздан кийин Бишкек шаардык кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери кылмыштын "изин суутпай" карактагандарды кармаган. Алар "Учкун", "Алтын-Ордо" жаңы конуштарынын 24 жана 27 жаштагы тургундары болуп чыкты

Бул боюнча Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тергөө иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0