Аялдар абагынан качкан Андаеваны Ак-Жолдон кармашты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери ит менен кылмышкерди издөө учурунда. Архив
Милиция кызматкери ит менен кылмышкерди издөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андаеваны издөөгө ЖАМКтын өздүк курамын жалпысын менен чыгып, эки күндөн кийин кармашты.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Аялдардын №2 түзөтүү абагынан мурдагы күнү качып кеткен 32 жаштагы Айгүл Андаева Чүй облусунун аймагындагы Ак-Жол (Раздольная) айылынын аймагынан кармалды. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. 

Уурулук кылганы үчүн соттолгон Андаева бейшемби түнү качып чыккан

© пресс-служба ГСИН КРСбежавшая из женской исправительной колонии №2 32-летняя Айгуль Андаева.
Сбежавшая из женской исправительной колонии №2 32-летняя Айгуль Андаева. - Sputnik Кыргызстан
Сбежавшая из женской исправительной колонии №2 32-летняя Айгуль Андаева.

"Андаеваны Ак-Жол айылынан кармашты. Эч ким жабыр тарткан жок", — деп билдиришти ЖАМКтын маалымат кызматынан. 

Эми аялдын абакта өтөй турган убактысына дагы мөөнөт кошулаарын (үч жыл) маалымат кызматынан кошумчалашты. Ал жакынкы сааттарда Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго жеткирилмечи.

Андаеваны издөөгө ЖАМКтын өздүк курамын жалпысын менен чыгып, эки күндөн кийин гана кармашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0