Өкмөт келерки аптадан тарта "KG" сериялуу номурдан баш тартат

Жазылуу
Темир Сариев анын үй-бүлөсүнө мыйзам чегинде мамлекет тарабынан бекитилип берилген автоунааны колдонбоо чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өкмөт мүчөлөрү кызматтык унааларына тагылган "KG" сериясындагы өзгөчөлөнгөн автономурлардан келерки аптадан тарта баш тартмай болду. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын кеңешмесинде чечим кабыл алышты. 

Андан сырткары өкмөт башчысы Темир Сариев анын үй-бүлөсүнө мыйзам чегинде мамлекет тарабынан бекитилип берилген автоунаадан баш тартты. 

Кеңешмеде автоунаалар маселесинен сырткары министрликтер менен ведомстволордун ишинин майнаптуулугу талданаары айтылды. 

"Биринчи вице премьер-министр Аалы Карашев башында турган комиссия түзүлүп, министрликтер менен ведомстволордун ишинин сапатына анализ жасап чыгат. Анын жыйынтыгы боюнча ар бир министрлик менен ведомствонун кызматкерлеринин штаттык санын, автоунааларга менен командировкаларга кеткен чыгымдарды оптималдаштыруу маселеси каралат",— деди премьер-министр.

Декабрдын башында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Кыргызстанда автоунаа номерлеринин жаңы үлгүсү ишке киргизилип, андан "KG" сериясы алына турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0