УКМК: "Манас" аэропортундагы бомба тууралуу билдирүү белгисиз IP-даректен келген

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКмопьютерде иштеп аткан киши. Архив
Кмопьютерде иштеп аткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалган маалымат тараткандар кылмыш жообуна тартылып, үч жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. "Манас" аэропортуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү белгисиз IP-даректен келгенин УКМК билдирди.

Манас аэропортунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортунда бомба табылган жок, жүргүнчүлөрдү каттоо калыбына келди
Бүгүн эртең менен күбөлөр бомба коюлганы тууралуу айтылгандан кийин аэропорттогу адамдардын баары эвакуацияланганын кабарлашкан. Андан кийин бул жалган маалымат болуп чыкканын аэропорттун жетекчилиги маалымдаган. 

Аэропортко барган УКМК кызматкерлери ИИМ жана авиациялык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү аэропорттун имаратын жана каттамдарды текшерип, эч кандай жардыруучу түзүлүш тапкан эмес.

Учурда аэропорт кадимки тартибинде иштеп жатат. 

УКМК жалган билдирүү жөнөткөн белгисиз адамды тактоо иштерин баштаганын белгилеп, терроризм тууралуу алдын ала жалган маалымат жөнөткөн адамга айып пул салынып, түзөтүүчү иштерге чегерилип же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын эскертет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0