Волгоградда тиричилик газы жарылып, жашоочулар эвакуацияланды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссиянын ӨКМ кызматкери. Архив
Россиянын ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 10 адамдын ооруканага жатканы тууралуу айтылууда. Бардык шаардык кызматтар үчүн өзгөчө кырдаал жарыяланды.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жарылуу болгон Волгограддагы үйдүн жашоочулары эвакуацияланганын жергиликтүү бийлик органдарына таянуу менен РИА Новости билдирди.

Стамбулдагы метродо бомба жарылып, бир киши жарадар болду
Волгоград шаарында жекшемби күнү тогуз кабаттуу үйлөрдүн биринде тиричилик газы жарылып, 2-кабаттан 9-кабатка чейинки тосмолор урап түшкөн. Жарылуудан кийин өрт чыгып, 10 адамдын ооруканага жаткырылганы маалымдалууда.

Үйдүн жашоочуларынын баары эвакуацияланды. Окуя болгон жерде ӨКМнын куткаруучулары иштеп жатат. Кырсыктын негизги себебинин бири катары газды чыгуусу каралууда. Мындан тышкары, ага газ жабдууларын пайдалануудагы эреженин бузулушу да болушу мүмкүн. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө комитети текшерүү башталды.

Жергиликтүү бийлик жашоочуларды №33 мектептин имаратына жайгаштырды. Шаардын бардык кызматтары үчүн өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0