ИИМ: кылмыштуу топтун лидери Сакал Стамбулдан учуп келди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кримтөбөлдүн Москвадан учуп келгени тууралуу айтылып келген. Ал жазында эле Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн өлтүргөнү үчүн издөөгө алынган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Сакал" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Улан Токтосунов Стамбул — Бишкек каттамы менен учуп келгенин ИИМ билдирди.

Буга чейин анын Москвадан учуп келип, аэропорттон укук коргоо органдарынын колуна түшүп бергени айтылган.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кримтөбөлдү өлтүргөн уюшкан топтун мүчөсү "Зыпа" колго түштү
37 жаштагы криминалдык төбөл Камчы Көлбаевдин тобунун курамындагы Дамир Сапарбековду Бишкектин "Жал" кичи районунан өлтүрдү деген шек менен жазында издөөгө алынган. Ноябрь айында бул иш боюнча "Зыпа" каймана ат менен белгилүү Зыпарбек Алиев кармалган. Учурда анын кайсы тергөө абагында экени белгисиз.

ИИМдин маалыматы боюнча Сакал Олимпиада резервинин республикалык мектебин аяктап, Бишкекте катталган. Бирок Кара-Балта шаарында жашап келген, үй-бүлөсү менен ажырашып кеткени белгилүү.

Буга чейин үч ирет кылмыш жообуна тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0