Атамбаев: энергетика тармагы акырындап коррупциядан арылып келе жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектрикчи. Архив
Электрикчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандын энергетиктери кесиптик майрамын белгилешүүдө.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Энергетиктер тармактагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча кыйынчылыктарга карабай акырындык менен болсо да чараларды көрүп жатканын президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.

Өлкө башчы быйыл энергетиктер республикага чоң кубаныч тартуулап, "Датка-Кемин" 500 киловольт электр берүү линиясын ишке киргизүү менен энергетикалык алкакчаны түзүү боюнча эң татаал цикл аяктаганын белгиледи. 

"Республикабыздын энергетиктери көп жылдар бою чечилбей келе жаткан кемчиликтерди жигердүүлүк менен жоё баштады. Энергетиктер тармактагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча дагы чараларды көрүп жатканын баамдап турабыз. Кыйынчылыктарга карабай, акырындык менен болсо да бул багытта иштер аткарылууда", — деди өлкө башчы.

Президент ошону менен катар энергетиктер жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу, электр тармактарын жаңылоо, республикабыздын калкын жана экономикасынын тармактарын электр энергиясы менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча иштерди жүзөгө ашырып жатканын айтты. 

"Бишкек шаарынын ЖЭБин жаңылоо боюнча чоң жумуштар аткарылып, Кара-Кечеде жылуулук электр станциясын куруу маселеси иштелип, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын куруу, CASA-1000 экспорттук долбоорун ишке ашыруу башталып, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадынын курулушу улантылууда. Элибиз өлкөбүздүн энергетиктеринин эмгегин жана аракетин жогору баалайт", — деп айтылат куттуктоодо.

Атамбаев энергетиктердин татаал иши элдин жыргалчылыгы жана өлкөнүн өнүгүүсүнө арналганын белгилеп, аларга чың ден-соолук, бак-таалай, тынчтык, туруктуулук жана ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0