Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулушу долбоорунун ишке ашырылышы 2016-жылы башталат

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта башкы маселе темир жолдун кенендиги болуп жатат. Аны план боюнча толук чечип алгандан кийин, Кытай тарап ишти тез бүтүрүүгө убада берди дейт премьер-министр Сариев.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстан — Кытай темир жол курулушунун алгачкы этабы 2016-жылы баштала турганын премьер-министр Темир Сариев Биринчи радиону түз ободогу маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан — Кытай темир жолунун салынышы деңизге чыгууга мүмкүндүк берет. 

"Азыркы тапта башкы маселе темир жолдун кенендиги болуп жатат. Аны план боюнча толук чечип алгандан кийин, Кытай тарап ишти тез бүтүрүүгө убада берди. Жол Ат-Башы аркылуу Достукка келип, ал жактан Жалал-Абадга, андан Өзбекстанга өтөт", — деди Сариев.

Өкмөт башчы азыркы тапта Кытайдын бардык аймактарын поезддер жогорку ылдамдыкта каттай турган темир жолдор байланыштырып турарын, мындай инфраструктураны өнүктүрүүгө Кытайдын тажрыйбасы жетиштүү экенин жана долбоорду тез арада ишке ашырууга бардык жаңы технологиялар менен камсыз болгонун белгиледи. 

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Кытай — Кыргызстан темир жолунун курулушун тезинен баштоого чакырды
Ошондой эле премьер-министр темир жол өткөн аймактарда экономикалык абал жакшырып, ал жактарга логистикалык борборлор, жарандарды тейлөөгө ылайыктуу шарттар, туристтик зоналар, эс алуучу жайлар куруларын кошумчалады.

Эгерде долбоор көздөгөн мөөнөттө ишке ашса, жылына Кыргызстан аркылуу 15-20 миллион тоннага чейин жүк ташылат. Кыргызстандын аймагында курулган 430 чакырымдан ашык темир жол аркылуу өлкө деңизге чыгып, келечекте Иранга чыгууга да шарт түзүлөрү күтүлүүдө. Долбоордун алгачкы этабы 2016-жылы башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0