Кыргызстандын спортчулары москвалык ардагер "Динамону" жеңип алды

© пресс-служба ФФФКРКыргызстандын футзал боюнча курама команданын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футзал боюнча курама команданын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда оюн учурунда утулуп калуу коркунучунда болгон. Бирок, пенальтиде кыргызстандыктар каршылаштарынан күчтүү экенин көрсөттү.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Футзал боюнча улуттук курама команда москвалык "Динамо" клубун достук мелдешинде жеңип алганын КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын капитаны Руслан Гафуров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футзал боюнча улуттук команданын капитаны Иран же Япония менен бир тайпада ойносом дейт
Улуттук курама команда 2016-жылдын февраль айында Ташкентте өтө турган Азия Чемпиондугуна даярдык-машыгууларын Москвада өткөрүүдө. Буга чейин команда ЦСКАдагы каршылаштары менен болгон беттеште жеңишке жеткен.

Беттеш учурунда Кыргызстандык улуттук курама командасы 1:3 эсебинде жеңилип баратып, кайрадан эсепти теңдеп, ал тургай утушка ээ болду. Бирок, курама команда жеңишке негизги убакытта жете алган эмес — 4:4.

Ошондой болсо да, мекендештер оюндан сырткары өткөрүлгөн пенальтиде (2:0) жеңишти камсыз кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0