Нарында көмүрдүн баасын 3500 сомдон көтөрбөөгө аракеттер көрүлүүдө

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Нарынской областиКөмүр жүктөлгөн унаалар. Архив
Көмүр жүктөлгөн унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч тараптуу келишим боюнча калкка көмүр үйүнө түшүрүп берилет.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Нарында көмүрдүн бир тоннасын 3500 сомдон тургундардын үйлөрүнө чейин жеткирип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Көмүр казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери Нарында жарым миллион тонна көмүр казылган
Маалыматка ылайык, 22-декабрда Нарын шаарынын борбордук аянтына сегиз жүк ташуучу автоунаа менен Кара-Кечеден көмүр алып келинди. Мындай иш аракеттер калкты көмүр менен камсыздоо максатында ыйгарым укуктуу өкүл Аманбай Кайыповдун демилгеси менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, "Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасы жана жеке ишкер тарабынан түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө. 

Аманбай Кайыповдун айтымында облуста көмүрдүн баасы 4000 сомго чейин кымбаттап кетүүдө. 

"Калкыбызга жеңилдик болсун деп үч тараптуу келишим түздүк. Анын негизинде кардарлар канча тонна көмүр керектелерин билдирсе, облустун кайсыл аймагы болбосун баасын 3500 сомдон ашырбай үйүнө сапаттуу отун түшүрүп беребиз", — деди ал.

Белгилей кетсек, Нарын облусу республиканын эң суук аймагы болуп эсептелет. Тоолуу аймактарда кышында суук 40 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0