Бишкекте 600 майып бала жаңы жылдык оюн-зоокко катышты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМайыптын коляскасы. Архив
Майыптын коляскасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, "Сейтек" борборунда өттү. Келген балдардын баарына белек-бечкек берилди.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 600 бала үчүн жаңы жылдык оюн-зоок өткөнүн шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү өткөн майрамдык иш-чара мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ага борбор калаанын жетекчиси Кубанычбек Кулматов катышты.

"Биз баарыбыз бири-бирибиздин колдообузга, жылуулугубузга муктажбыз. Сиздердин жакшы жашоодо жашап, билим алууга, ишке орношууга кам көрүү — мамлекеттин да, коомчулуктун да милдети. Биз бул үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз", — деди мэр балдарды куттуктап жатып.

Иш-чаранын соңунда наристелерге таттуу белек-бечкектер берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0