Түрк аналитиги Россия менен Түркия качан "жарашаарын" билдирди

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТүркия желеги. Архив
Түркия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Түркиянын салкын мамилеси жакынкы арада жакшырат, бирок, ишеним менен өнөктөштүк мурдагыдай калыбына келбеши мүмкүн.

БИШКЕК, 28-дек – Sputnik. Түркия менен Россиянын мамилеси азыр кыйын болуп турганы менен ал акырындап жакшырышы мүмкүн. Бул туурасында Daily Sabah гезити Түркиянын Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Октай Ватансеверге таянып билдирди. Бирок, анын пикиринде, орус тарап анча жибип кетпей, катуураак мамиледе болот.

"Ар бир кризисте ар кыл учурлар болот. Алгач, шок, андан кийин тирешүү, андан соң аталган жагдайга көзөмөл, анализ жасалат, акырында туруктуулук пайда болот. Менин оюмча, биз ошол эскалация деген учурдан өттүк", — деп айтты эксперт аталган басылмага берген маегинде. 

Анын пикиринде, орус-түрк мамилелериндеги кризистин биринчи этабы жакынкы арада бүтүшү керек. Эксперт Россия эми жаңы чектөөлөрдү киргизбейт, себеби, өлкөлөр арасындагы саясий жана маданий мамилелер бир топ эле жабыркады, ал эми экономикалык чараларга Ватансевердин айтымында "ар дайым чек коюлган". 

"Булардын баарын эске алып, кризис орто мөөнөттө чечилип, жаздан тарта кепке келе баштайбыз. Бирок, мамилени жөнгө салуу менен 2014-жылдагыдай алыш-катыштын деңгээлине жете албайбыз. Россия өзү тараптан жүргүзгөн саятында Түркия менен коюн-колтук алышып, тыгыз кызматташуудан баш тартат. Орус тарап ачылып-чачылып кетпей, абалды чыңалуу менен кармап жүрүп отурат. Мында 1991-2002-жылдардагы саясаттагыдай аймактык атаандашуу маанайы болот", — деди Ватансевер. 

Бул чоң ката болду — Атамбаев Түркиянын россиялык Су-24 учагын атып түшүрүүсү тууралуу
Москва менен Анкаранын ортосундагы салкын мамиле түрктөр орустардын Су-24 бомбалоочу учагын атып түшүрүп, анын ичиндеги бир учкучу курман болгондон кийин башталган. Россиянын президенти муну түркиянын "далыга урган бычагы" деп баалаган. Андан кийин Түркияга карата бир катар экономикалык чаралар көрүлгөн.

Ал эми 2016-жылдын 1-январынан тарта Россия Түркиядан бир катар азык-түлүктөрдү ташып келүүгө, чартердик рейстерди аткарууга тыюу салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0