Сириядан атайын даярдыктан өтүп келген кыргызстандык Оштон кармалды

Жазылуу
Мындан бир канча убакыт мурун Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылында мектеп мугалими өлтүрүлүп, кылмыш иликтөө тобу 23 жаштага жарандан сарайдагы үйүнөн "Наган" мылтыгын табышкан.

БИШКЕК, 30-дек.— Sputnik. Кара-Суу районунан Сириядан атайын даярдыктан өтүп келген кыргызстандык кармалганын ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

29-декабрда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында кылмыш иликтөө тобу 23 жаштагы жарандын сарайдагы үйүнөн 

"Ошондой эле иликтөө иштери учурунда ал Сириядагы провинциялардын биринде курал-жаракты колдонуу боюнча атайын курстан өтүп келгени аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал убактылуу кармоо жайына камакка алынган. Курал-жарак баллистикалык экспертизага жөнөтүлдү.

Акча жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки террорчу Сириядан Кыргызстандагы акчалуу мекендештерин тоноо үчүн кайткан
Буга чейин маалымдалгандай, 22-декабрда Ош облусунун Кашкар-Кыштак аймагында белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургун Юнус Абдужалиловду атып кеткен. Ал киши алган жаракатынан аймактык ооруканага алып келе жатканда каза болгон. Бул кылмыш ишине шектелип сегиз киши кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

ИИМдин маалыматына ылайык, аталган кылмыш иши радикалдык салафизм деп аталган диний агымдын өкүлдөрү тарабынан жасалган. Каза болгон Абдужалилов "Ахмадия" диний агымынын өкүлү болгон. Эки агым көз карашы жактан бири-бирине каршы келет.

Шектүү жарандар кармалгандан кийин алардын жашаган жерлери тинтүүгө алынып, экстремисттик мүнөздөгү китептер, DVD-диск, жарылуучу заттар жана колго жасалган бычактар табылган.

Сегиз жарандын экөө Түркиядан учуп келгенде кармалса, алтоо Жалал-Абадда болгон атайын операция учурунда кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0