Кыргызстан электр кубатын 5,6 сомдон сатып алууга ниеттенип жатат

© Пресс-служба НЭСКНа установку самой большой опоры линии "Датка — Кемин" потратили 4 т гаек
На установку самой большой опоры линии Датка — Кемин потратили 4 т гаек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетика жана өнөр жай министрлиги Казакстандан электр энергиясын сатып алуу маселесин талкуулап жатат. Кыргыз энергетиктери былтыркы баада калтырууга аракеттенишүүдө.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстан Казакстандан электр кубатын былтыркы баада алууну пландап жатат деп билдирди журналисттерге мурдагы энергетика министри, өкмөт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев.

Шам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыштын кыраан чилдесинде электр энергиясы маал-маалы менен өчүшү ыктымал
Токтогул ГЭСиндеги авариядан жана анын эки блогунун оңдоп-түздөө иштеринен кийин, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн элди толук камсыздай турган көлөмдө электр энергиясын сатып алууга ниеттенип жатат. Былтыр КР бир киловатт-саатын кошумча нарк салыгын кошкондо 5,6 сомдон импорттогон эле.

Турдубаевдин айтымында, импорттоо Токтогул ГЭСиндеги оңдоп-түзөө иштеринин мөөнөтүнө байланыштуу, тактап айтканда, 2016-жылдын 16-январына чейин болот.

"Учурда электр кубатын эң зарыл болгон учурда гана импорттоо боюнча маселе коюлуп жатат. Азырынча, элди камсыз кылуу боюнча кубаттуулук жетиштүү. Электр кубатына болгон тариф аныкталган жана импорттон улам наркы кымбаттабайт ",— деди министр.

Турдубаев учурда Экибастуз ГРЭСи жана Жамбыл ГЭСи менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты.

"Биз өзүбүздүн сунушубузду киргизип, эми казак тараптан жооп күтүп жатабыз, бирок, макулдашуулар болгон. Казакстан алдын ала төлөө жолу менен иштейт жана каражат ар бир декада сайын түшүп турушу керек", — деп кошумчалады ал.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев Каржы министрлигине импорттоп, электр кубаты менен толук көлөмдө камсыз кылууга каражат табуу милдетин жүктөгөн.

Бир апта мурда өлкөнүн эң ири Токтогул ГЭСинде авария болуп, эки гидроэлектростанция иштен чыккан. Министрлер кабинети январдан тарта электр кубаты менен камсыздоодо чектөөлөр болушу мүмкүндүгүн эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0