Жалал-Абадда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрүнүн үйү тинтүүгө алынды

© Фото / пресс-служба ГКНБЭкстремисттик адабият. Архив
Экстремисттик адабият. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында уюмдун 11 мүчөсүнүн үйүнөн экстремисттик маанайдагы адабият, баракчалар, уюлдук телефондор, планшет, видео жана аудио кассета, флеш-карталар, курал-жарактын ок-дарысы, баңгизат жана өзбек тилиндеги гезиттер табылган.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда ИИМдин 10-башкы башкармалыгы коопсуздук чараларын көрүү максатында "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик тобунун 11 мүчөсүнүн үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Жардыруучу зат. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК хизбутчуларга жардыруучу түзүлмөлөрдү даярдап берген жаранды кармады
Маалыматка ылайык, Сузак районунан экстремисттик маанайдагы адабият, баракчалар, уюлдук телефондор, планшет, видео жана аудио кассета, флеш-карталар, курал-жарактын ок-дарысы, баңгизат жана өзбек тилиндеги гезиттер табылган.

Учурда алынган буюмдардын баары экспертизага жөнөтүлдү. 

Министрлик аталган аймакта түшүндүрүү иштери жүрүп, курч кырдаалдын алдын алуу боюнча нускамалар берилүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0