Феруза Жамашева, Евгений Ваккер: дагы кайсы инсандар мамлекеттик сыйлык алды

Жазылуу
Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, бир катар инсандарга мамлекеттик наамдар ыйгарылды.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, II даражадагы "Манас" ордени менен жазуучу, журналист Шайлообек Дүйшеев жана Жогорку соттун мурдагы башчысы Феруза Жамашева сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары III даражадагы "Манас" ордени менен велоспорт боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Евгений Ваккер, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, өкмөтүнүн Ош облусундагы экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын профессору Улукмырза Полотов сыйланды.

Роза Отунбаева Италияда Минерва сыйлыгын алды
Атамбаевдин ушул эле буйругуна ылайык, "Даңк" медалы менен 14 киши сыйланды. Алардын арасында актриса Элина Абай кызы, "Жаштардын дүйнөлүк ассамблеясы" коомдук бирикмесинин президенти Саид Баюми, "Курманжан Датка" фильминин койгон режиссёру, Жогорку Кеңештин депутаты Шер-Нияз Садык бар.

Андан сырткары "Азия микс" КВН курама командасы президенттин "Ардак" грамотасына татыды.

Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, сыйлыктар мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын жана Улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыгы боюнча, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн ыйгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0