Өзгөдөн өз болуп келген сом. Кыргыз валютасы тууралуу 10 факт

Жазылуу
Сом КМШ аймагындагы алгачкы улуттук валюта болуп саналат. Ал чет жерде жарык көрсө да, акыркы жери Кыргызстан болуп саналат.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Өтүп кеткен 2015-жыл улуттук валюта үчүн кыйла оор мезгил болду. Куну бир топ арзандап кеткени менен коңшу казактардын теңгесине караганда өз кадырын кармап келе жатат. 

1993-жылы киргизилип, жаш экенине карабастан, сом тууралуу бир нече кызык фактылар аныкталган.

  1. Сом — КМШ аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп пайдаланууга киргизилген улуттук валюта.
  2. Сом кыргыз эмес, казактын валютасы болуп калышы толук ыктымал эле. Кыргызстан менен бирге Казакстан да бул аталышка атаандаш болгон. 
  3. Сом дайым эле сомго тең эмес. Мисалы, сомдун (балык түрү) бир килограммы 200 сомго (валюта) барабар.
Сом жана рубль валюталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир сом — 2 евро же кыргызстандык акча чет өлкөдө канча турат
Сом негизи чет элдик болуп саналат. Аны Англиянын DeLa Rue International менен Франциянын Oberthur Fiduciaire компаниялары басып чыгарса, тыйындарды казакстандык монета сарайы чегет.
  • Сомдук масса Кыргызстандагы чет элдик валютанын салмагынан 2,5 эсеге аз келет.
  • Сомдун кунун кармап туруу үчүн былтыр 320 миллион доллар чыгымдалды. Орточо эсеп менен бир күндө миллион доллардын төрттөн бир бөлүгү сарпталып жатты.
  • Жасалма сом Кыргызстанда жасалма долларга караганда сейрек кездешет. Бир жыл ичинде 200дөн ашпаган жасалма купюра аныкталса, декабрь айынын аягында эле 80 миң шектүү доллар алынган.
  • Сом чет өлкөдө Кыргызстандагыга караганда кыйла кымбат турат. Ebay аукционунда 100 сомдук (1994-жылкы) акчанын баштапкы баасы 119 долларды түзгөн.
  • Эскирген акча майдаланып жок кылынат. Жыл сайын 50 тоннага жакын акча жок болот.
  • Ал эми майдаланган сомдор картон жасоого пайдаланылат.
  • Жаңылыктар түрмөгү
    0