Чоң-Кеминде элдин жана туристтердин көңүлүн буруу үчүн "Кетмен эстелик" коюлду

© Алтынбек ТойчубаевЧоң Кеминдеги Калмак-Ашуу айылы менен Тар-Суу айылдарынын ортосунда "Кетмен эстелик" коюлду.
Чоң Кеминдеги Калмак-Ашуу айылы менен Тар-Суу айылдарынын ортосунда  Кетмен эстелик коюлду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коюлган арт-эстеликтин жалпы салмагы 3 тоннага чамалайт. Ал Чоң Кеминдеги Калмак-Ашуу айылы менен Тар-Суу айылдарынын ортосуна коюлган.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Чоң-Кеминге орнотулган "кетмен эстелик" аймакка келген туристтердин көңүлүн бурууга жана элдин иштерман экенин даңазалоо максатында коюлганын бул иштин демилгечиси Станбек Тойчубаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Тойчубаев Чоң-Кеминде туризм жаатында эмгектенет. Анын мейманкана комплекси бар. Бул жакка туристтер келгенин айткан Тойчубаев конокторду ат менен сейилдетип, жаратылышты көрсөткөндөн бөлөк эч нерсе жок экенин белгиледи. Андыктан аларга жана элге кызыктуу боло турган арт-эстелик жасоо анын кыялындагы иштердин бири болгонун кошумчалады.

© Алтынбек ТойчубаевЧоң Кеминдеги Калмак-Ашуу айылы менен Тар-Суу айылдарынын ортосунда "Кетмен эстелик" коюлду.
1/3
Чоң Кеминдеги Калмак-Ашуу айылы менен Тар-Суу айылдарынын ортосунда "Кетмен эстелик" коюлду.
© Алтынбек ТойчубаевКоюлган арт-эстеликтин жалпы салмагы 3 тоннага чамалайт.
2/3
Коюлган арт-эстеликтин жалпы салмагы 3 тоннага чамалайт.
© Алтынбек ТойчубаевАймакка келген туристтердин көңүлүн бурууга жана элдин иштерман экенин даңазалоо максатында коюлган.
3/3
Аймакка келген туристтердин көңүлүн бурууга жана элдин иштерман экенин даңазалоо максатында коюлган.
1/3
Чоң Кеминдеги Калмак-Ашуу айылы менен Тар-Суу айылдарынын ортосунда "Кетмен эстелик" коюлду.
2/3
Коюлган арт-эстеликтин жалпы салмагы 3 тоннага чамалайт.
3/3
Аймакка келген туристтердин көңүлүн бурууга жана элдин иштерман экенин даңазалоо максатында коюлган.

"Мен өзүм художник, скульпторлор менен чогуу көп жүрөм. Жакында эле Чымкенттен келген скульптор балдар менен таанышып калдым. Чымкентте "Кызыл трактор" деген художниктердин тобу бар экен. Алар инсталлациялык иштер менен алектенерин билдим. Жасаган жумуштарын көрсөттү. Карасам, кетмен бар экен. Ал мага абдан жакын жана жылуу көрүндү. Себеби, биз айылда өсүп кетмен менен чоңойгон балдарбызда. Андыктан, аны жасатууга тапшырык бердик", — дейт ал.

Тойчубаев кетмендин башын (темир бөлүгүн) даярдоого бир жумадай убакыт кеткенин кошумчалады. Кетмендин башы бир канча темирден ширетилип жасалган. Аны Кыргызстанга алып келүүгө да 3-4 күн кеткенин айтат. Арт-эстеликтин жалпы салмагы 3 тоннага жакын. Анын темир бөлүгү 800 килограммдан ашса, сабы үч кубду түзүп, узундугу 22 метр. Аталган инсталлациялык эмгек 31-декабрь күнү Чоң-Кеминдеги Калмак-Ашуу айылы менен Тар-Суу айылдарынын ортосуна коюлган.

"Анын энергетикасы жүрөккө жакын, аны электтиктердин баары түшүнөт. Айылда чоңойгонбуз, аны эмнеге колдонуу керектигиндин да жакшы билебиз", — дейт кубанычы койнуна батпаган Тойчубаев.

Арт-эстеликти Кыргызстанга алып келе жатканда Чүйдүн Алексанровка айылынын тургундары аны алардын айылына коюуну суранганын кошумчалады.

"Александровка айылана тамак ичели деп токтосок, жергиликтүү 20-30дай киши чогулуп калыптыр. Муну бизге ташта, бизге койгула деп суранышты. Бирок, биз анын коюла турчу орду бар экенин айтып түшүндүрдүк", — дейт ал.

Бул арт-кетмен туурасында социалдык тармактарда да талкуулар жүрүп, аталган демилген кубаттоого алынып жаткан чак.

Жаңылыктар түрмөгү
0