Афганистанда аскердик тик учак кулап, үч киши өлдү

© flickr.com / inthefightАфганистандын желеги. Архив
Афганистандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдын жаңырышы менен ар кыл аймактарда адам жоготуулары уланууда. Бул сапар Ми-17 тик учагынын кулашына техникалык калпыстыктар себеп болду деп билдиришти.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Афганистандын чыгышындагы Логар провинциясынын аймагына кулаган тик учак үч кишинин өмүрүн алып кетти. Андан сырткары экөө жабыркады деп билдирди Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттиги.

Аталган провинциянын губернаторунун билдиргенине караганда, окуя бүгүн түшкө жуук болгон.

Ми-17 тик учагынын кулашына техникалык калпыстыктар себеп болду деп билдирди Афганистандын Коргоо министринин өкүлү Давлат Вазири.

Жаңылыктар түрмөгү
0