Бишкекте үч унааны айдай качкан жарандар кармалды

Жазылуу
Эки унаа автожуучу жайдан уурдалса, бирөөсүн Бишкектин көчөлөрүнүн биринде токтоп турган жеринен айдап кетишкен.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында көз көрүнөө үч унааны айдап кеткен кылмышкерлер колго түшкөнүн ИИМ билдирди.

Алтын буюмдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шакек-сөйкөлөр менен акчаларды терезеден алып чыгып кеткен
Маалыматка ылайык, "Мазда-323" жана "Мерседес 320" унааларын белгисиз адамдар автожуучу жайдан айдай качышкан. Ал эми дагы "Ауди С-4" машинасын шаардые Исанов менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган жеринен уурдап кетишкен.

Унаа ээлеринин арызынын негизинде милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жана Кара-Балта шаарынын үч тургуну колго түшкөн. 

Учурда катталган кылмыш иштери боюнча тергөө маалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0