Мектеп окуучулары арасында кылмыштуулуктун алды алынып, патриоттук сезим арттырылат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын желегин кармаган өспүрүм балдар. Архив
Кыргызстандын желегин кармаган өспүрүм балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп окуучулары ИИМдин Ыкчам аракет көрүү атайын отрядынын ишмердиги менен таанышты.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Мектеп окуучулары арасындагы кылмыштуулуктун алдын алып, балдар арасында мекенчилдик сезимди өстүрүү аракеттери көрүлүп жатканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Балдар КР ИИМдин Ыкчам аракет көрүү атайын отрядынын имаратында болушту.

Бишкекте каникул учурунда 19 миң бала ийрим жана секцияга барууда
Бир канча саатка созулган жолугушууда балдар менен кыздар офицерлер менен жолугуп, бул отряддын иштери менен жакындан таанышты. Ошондой эле аталган отрядда иштегендердин күжүрмөн эмгектери тууралуу да маалымат алышты.

Ошондой эле, окуучулар аскердик куралдардын көргөзмөсүндө болуп, алар менен жакындап таанышышты.

Отряддын командири Жыргал Жумалиев окуучулардын суроолоруна жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0