Январдын биринчи жумасында өлкө боюнча сасык тумоо менен ооруган 1943 учур катталган

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүМедициналык маска кийген мектеп окуучусу. Архив
Медициналык маска кийген мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сасык тумоо менен ооругандар эпидемиологиялык чектен ашкан эмес.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жыл жаңыргандар бери республика боюнча сасык тумоо менен ооруган 1943 учур катталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Санитардык эпидемиологиялык борбор тарабынан күн сайын сасык тумоо менен ооруган учурлар мониторинг жасалууда.

Маалыматка ылайык, былтыр ушул маалда 1096 учур катталган.

Ошто мектеп окуучулары СПИД менен күрөшүүнүн жолун үйрөнүүдө
Оорулардын алдын алуу департаментинин маалыматы боюнча күз-кыш мезгилинде жыл сайын өлкө калкынын 5 пайыздан 15 пайызга чейинкилери сасык тумоо жана вирустук оорулар менен ооруйт.

Бишкек жана Ош шаарларында сасык тумоо менен ооругандардын көрсөткүчү эпидемилогиялык чектен ашкан эмес.

Калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сасык тумоого каршы 24 150 доза вакцина сатып алынып, өлкөнүн аймактардагы бардык ооруканаларына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0