Бишкектин Жибек Жолу көчөсүнөн аялды коюп кеткен айдоочу кармалды

Жазылуу
Айдоочу коркуп кеткендиктен окуя болгон жерден качып кеткенин айтты.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнөн аялды коюп кеткен айдоочу кармалганын Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматына ылайык, 9-январда кечки саат 8.30дар чамасында белгисиз машина 1975-жылы туулган аялды жана 1969-жылы туулган эркек кишини коюп кеткен

Катуу ылдамдыкта келе жаткан Лексус автоунаасы Бишкектен аялды коюп кетти
Аял окуя болгон жерден каза болсо, кишини шаардык №4 ооруканага алып келишкен. Анын баш мээси чайкалып, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Айдоочу кырсык болгон жерден изин жашырып кеткен. Ошол эле күнү аныкталгандай, баласы атасынын уруксаты жок машинасын айдап чыгып, жолдон кишини сүзгөндөн соң машинаны короого таштап, белгисиз жакка качып кеткен.

22 жаштагы айдоочу 11-январда Бишкек шаарынан кармалып, катуу корккондуктан кырсык болгон жерден качып кеткенин айтты.

Тергөө иштери жүрүүдө. Мындай кылмыш үчүн үч жылдан беш жылга чейин кесилип, бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0