ШКУнун жаңы Башкы катчысы болуп Тажикстандын элчиси дайындалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүШКУ мамлекеттеринин желеги. Архив
ШКУ мамлекеттеринин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Алимов Россиянын өкүлү Дмитрий Мезенцевдин ордуна келди. Жаңы жетекчи өз милдетин үч жыл аткарат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Тажикстандын өкүлү Рашид Алимов Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы болуп дайындалганын Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сариев: ШКУ аймактагы коопсуздук маселесине салымын кошуп, каражат салып жатат
Жаңы кызмат ордуна ал январь айынын тарта киришти. Алимов 2005-2015-жылдары Тажикстандын Кытайдагы элчиси жана өлкөнүн ШКУдагы туруктуу өкүлү болуп иштеген. 

ШКУнун курамында Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан бар. Ал эми Белоруссия, Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Афганистан байкоочу статусуна ээ. 2015-жылы июль айында ШКУ уюмуна Индия менен Пакистанды кабыл алуу боюнча аракеттер башталган. Уфа шаарында өткөн ШКУнун саммитинде уюмдун төрагалыгы Россиядан Өзбекстанга өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0