Россиянын жарандары Кыргызстанда каттосуз 30 күн гана жүрө алат

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери паспортко мөөр коюсу. Архив
Чек ара кызматкери паспортко мөөр коюсу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жарандардын мыйзам бузуусу өлкөдөгү тартип эрежелерин билбегендикке байланыштуу экенин Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

БИШКЕК, 14 янв. — Sputnik. Россиянын жарандары Кыргызстанда каттоосуз 30 күн гана жүрө ала тургандыгы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы эскертет. 

Паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте паспортту эки саатта даярдап берген дагы бир борбор ишке кирет
Мындай өзгөрүүгө өткөн жылдын 19-юнунда эки өлкө ортосунда кол коюлган келишимге байланыштуу болгон. 

Аталган келишимдин алкагында кыргызстандыктар Россияда 30 күн каттоосуз жүрө алат. Ошондой эле эреже россиялыктарга Кыргызстанда иштейт. 

Буга чейин өлкөдө жүрүү мөөнөтү 90 күндү түзүп келген. Мамлекеттик каттоо кызматынын белгилешинче Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу жаңы тартип эрежеси тууралуу кабардын жоктугунан болуп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0