Президент УКМКнын кызматкерлерине жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине жаңы бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземинде.
Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине жаңы бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземинде. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын сентябрь айында да Бишкек шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн көп кабатуу үй пайдаланууга берилген.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине жаңы бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды. 

Президент аларды жаңы конушу менен куттуктап, мамлекетти коргоп, жарандардын коопсуздугун сактап тургандарга мамлекет камкордугун күчөтөрүн билдирди.

Бул көп кабаттуу үй Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери үчүн салынган.

Сариев ипотекалык кредит алгач кимге берилээрин айтты
Президент өлкөдөгү чекисттерди, аскер адамдарын, милиция кызматкерлерин, чек арачыларды жана куткаруучуларды үй менен камсыздоо программасы уланаарын айтты. Ал күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо системалык өңүт алгандыгын кошумчалады. 

Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине мекен алдындагы түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын үй-бүлөсүнө чыдамдуулук жана сабыр каалады.

2015-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн көп кабатуу үй пайдаланууга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0