Казакстанда иштеп жүргөн кыргыз аялдар дарыяны кечип чек арадан өтүүгө аракеттенишкен

Жазылуу
Эмгек мигранттары миграциялык картанын мөөнөтү аяктап, паспорт жана башка документтеринин жоктугунан аялдар чек арадан дарыянын тайыз жеринен кечип, көзөмөл пунктунан тыш өтүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан Чу дарыясын кечип өтүүгө аракет кылган үч кыргызстандык аял кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Медициналык жабдыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбек чек арачылары жарадар кылган Аксынын тургуну Кыргызстанга өткөрүп берилди
Кармалгандардын айтымында, алар Казакстанда иштеп жүрүшкөн. Миграциялык картанын мөөнөтү аяктап, паспорт жана башка документтеринин жоктугунан аялдар чек арадан дарыянын тайыз жеринен кечип, көзөмөл пунктунан тыш өтүүгө аракет кылышкан.

Чек араны бузгандар Кыргызстандын аймагынан колго түшүрүлдү.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар УКМнын аймактык блөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0