Сариев күрөөсүз берилчү насыянын көлөмүн жогорулатууну сунуштады

Жазылуу
"Айыл чарбасын каржылоо – 4" долбоору өкмөттүн жыйынында талкууга алынды.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 4" долбоорунун алкагында дыйкандарга күрөөсүз берилип жаткан насыянын көлөмүн көбөйтүү керектигин өлкө башчысы Темир Сариев өкмөт жыйынында баса белгеледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев "Айыл чарбасын каржылоо – 4" долбоорунун максаты 2016-жылкы жазгы талаа иштерин убактысында өткөрүүгө мамлекет тарабынан жардам берүү экенин кошумчалады.

"Насыяны берүү мөөнөтү 36 айга чейин узартылды. Долбоорго катышып жаткан коммерциялык банктар жана каржы-насыя берүүгө адистештирилген мекемелер дыйканчылык, мал чарбасы, айыл чарба продукцияларын кайта иштетүү жаатында иштегендерге жылдык үстөк пайызы 12 пайызды түзгөн насыя берет", — деди ал.

Бакетаев ошондой эле, мамлекет тарабынан башталган бул долбоордун алкагында берилчү каражат буга чейин насыя боюнча карызы жок, салыктар боюнча карызы болбогондорго берилерин кошумчалады.

"Айыл чарбасын каржылоо – 4" долбоорунун талкуулоо учурунда Темир Сариев күрөөсүз бериле турчу насыянын көлөмүн жогорулатуу керектигин баса белгиледи.

"Насыя алып, айыл чарбасы же дыйканчылык менен алектенгиси келген көп балалуу үй-бүлөлөр, аз камсыз болгон жарандар бар. Иштегиси келген кишилерди колдоого алышыбыз керек. Андыктан күрөөсүз берилген насыяны топтор үчүн 200 миңге, жеке тараптар үчүн 100 миң сомго чейин чыгаруу керек", — деди ал.

Сариев берилген насыялардын натыйжалуу иштетүүнүн механизмин иштеп чыгуу кажет экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0