Guardian: Түркиянын туризм бизнеси жаңы "соккуларга" даярданууда

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАнтальядагы пляж. Архив
Антальядагы пляж. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пляжда жана мейманканаларда туристтердин азайышы быйыл Түркиянын экономикалык көрсөткүчү төмөн болорун көрсөтүп турат деп жазат британиялык басылма.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бир нече теракттын болушу жана башка себептер Түркиянын туризм тармагына терс таасирин бир топ эле тийгизди деп жазат Guardian басылмасы.

Түркиянын туризм тармагы өлкөдө болгон террордук кол салуулардан кийин жаңы сыноолорду күтүп турат. 10 киши каза болгон теракт Стамбулдун тарыхый борборунун чок ортосундагы Султан Ахмет мечитинин жанында болду. Каза болгондордун көбү Германиянын жарандары болгон. Германиядан жыл сайын Түркияга беш миллионго жакын турист келип турган. Эми немистердин көбү бул мамлекетке болгон саякаттарын токтотуп жатат. Расмий Анкара ансыз деле абал начар болуп турганда оор жылды күтүп жатат деп жазат макаланын автору.

Арашан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Financial Times журналы Кыргызстанды саякаттоого ыңгайлуу өлкө катарына кошту
Су-24 учагынын атып түшүрүлүшү менен башталган кризистен улам, Түркия быйыл Россиядан 4,5 миллион турист келбей калат деп божомолдоодо. Ал эми өлкөнүн түштүк-чыгышындагы аймактарда күрд согушкерлерине карата аскер операцияларынын болушу туристтердин үрөйүн учуруп, абалды ого бетер тааталдатышы мүмкүн деп кошумчалаган аталган басылма.

Түркиядан тышкары быйыл Тунис менен Египет дагы туристтердин аз агымын болжоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0