Бишкекте музыка мугалимдери интерактивдүү такта менен таанышты

© пресс-служба мэрии города ОшШаардык мугалимдер семинар учурунда. Архив
Шаардык мугалимдер семинар учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир күндүк семинар учурунда окутуучулар ачык сабактын мисалында интерактивдүү тактанын өзгөчөлүгүн көрүштү.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкектин музыка мугалимдери үчүн сабакта интерактивдүү такта пайдалануу боюнча семинар өткөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара №61 орто мектепте өтүп, ага музыка сабагынан берген 68 мугалим катышкан. 

"Семинарда доклад окулду. Ачык сабак өтүлүп, интерактивдүү тактанын пайдаланылышы көрсөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарада мугалимдер өз билимин текшерүүгө да мүмкүнчүлүк алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0