"Кумтөрдө" иштеген канадалык жаранды тоноп кетишти

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКулпуну ачып жаткан адам. Архив
Кулпуну ачып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү катары үч өспүрүм кармалды. Уурулар качып баратып үйдүн алдына бычак менен акчаны түшүрүп алышканы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 23-янв. – Sputnik. "Кумтөр" ишканасында иштеген канадалык жаран каракчылыкка туш болгонун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"Кумтөр" ишканасынын Балыкчыдагы базасында эмгектенген 57 жаштагы канадалык жарандын үйүнө беткапчан уурулар кирип, 600 долларлык IPAD менен 3 миң 500 сомун алып кетишкен. 

Жайлоодогу жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алты жылкы уурдаган киши алыс узабай колго түштү
Алдын ала маалыматтар боюнча келтирилген чыгым 54 миң сомду түзөт. 

Иликтөө иш-аракеттеринин негизинде, кылмышка шектелгендерге каршы жетиштүү далил табылган. Уурулар качып баратып үйдүн алдына бычак менен акчаны түшүрүп алышканы белгилүү болгон. 

Учурда ички иштер органынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелген 16-17 жаштагы үч балыкчылык өспүрүм кармалды. Алардын колунан уурдалган буюм алынган. 

Аталган факты боюнча Балыкчы ШИИБ тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0