Түптүн Балбай айылында жаңы мектеп ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАчылыштагы кызыл лентаны кесүү. Архив
Ачылыштагы кызыл лентаны кесүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин курулушу мындан үч жыл мурун башталган. Ага республикалык бюджеттен 16 миллион сом бөлүнгөнү белгилүү болду.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бүгүн Ысык-Көлдүн Түп районундагы Балбай айылында Зина Мамбетсеитова атындагы орто мектеп ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мектептердин 22 ашпозчусу Бишкекте кулинардык таймашка катышууда
Маалыматка ылайык, мектептин имараты ӨКМ тарабынан 2013-жылы пайдаланууга жараксыз деп табылып, ошондон бери окуучулар окуу жайдын жанындагы кичи корпуста үч смен менен окуп келген. Жаңы имараттын курулушу ошол эле жылдын аягында башталып, ага республикалык бюджеттен 16 миллион сом бөлүнгөн.

225 орундуу мектепке 4-январь күнү жылуулук системасы киргизилген. Учурда мектепте 400 окуучу билим алып, окуу кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0