Кыргызстанда 30 градус суук болуп, кар жаай турганы божомолдонууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Жаштар аллеясында бараткан адамдар. Архив
Бишкектеги Жаштар аллеясында бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү республикага суук түшүп, мындай аба ырайы 31-январга чейин созула турганы айтылууда. Күндүн температурасы да кескин төмөндөй турганы божомолдонуп жатат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жакынкы күндөрү суук түшө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Гидрометеорология боюнча мекеме билдирди.

Узак убакытка созулган жылуу аба ырайы кескин өзгөрүүлөргө дуушар болот.

"27-30-январь күндөрү кар жаайт. 27-28-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында кар калың жаап, жолдор тоңголок болот", — деп айтылат билдирүүдө.

АКШдагы бурганактан набыт болгондордун саны 8ге жетти
29-30-январда температуранын төмөндөй турганы айтылууда — Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Баткен облустарынын өрөөнүндө түнкүсү 12, ал эми күндүз 5 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө.

Таласта түнкүсүн —10…-15 градус суук болсо, күндүз күн алты градуска чейин төмөндөйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 12 градуска чейин суук болсо, күндүз температура жети градуска чейин төмөндөй турганы айтылууда. Нарында түнкүсүн 25, ал эми бийик тоолуу аймактарда 30 градуска чейин суук түшсө, күндүз —15…-18 градуска чейин суук болот.

Мындай аба ырайы жолдордун абалын начарлатып, мал кармоону кыйындатат. Унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши бир топ кыйынчылыктарга туш болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0