Бишкектин жолунда плакаттар: "биз мектепке жөнөдүк, абайлагыла"

© Sputnik / Табылды КадырбековАйдоочуларды этият болууга чакырган плакат.
Айдоочуларды этият болууга чакырган плакат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Плакаттар айдоочулардын жолдо этият болуусун эскертүүгө багытталганы айтылууда. Дүйшөмбүдөн баштап өлкө мектептеринде кышкы каникулдан кийинки окуу процесси башталды.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүндө айдоочуларды этият болууга чакырган плакаттар пайда болду.

Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулардын кышкы каникулу узартылган жок
Алсак, Абрахманов көчөсүндө көпүрөнүн алдында "Биз мектепке жөнөдүк, абайлагыла", "Биз жол коопсуздугун каалайбыз" жана "Жолдон коркпой өткүм келет" деген плакаттар илинип турат. Колго жасалган бул плакаттардын аягында "балдар" деген жазуу бар.

Социалдык тармактарда мындай эскертүүлөр шаардын бир нече бөлүктөрүндө илинип турганы айтылууда. Азырынча идеянын демилгечиси белгисиз.

Дүйшөмбүдөн баштап окуучулар 31-декабрдан 25-январга чейин созулган кышкы каникулдан кийин мектепке бара башташты.

Балдарга жол кыймылынын эрежелерин кантип үйрөтүү керек экенин Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0