Ошто спринтердин мас айдоочусу төрт унааны катары менен сүзүп кетти

© пресс-служба МЧС КРЖол кырсыгына учураган "Мерседес-Бенц Спринтер" унаа.
Жол кырсыгына учураган Мерседес-Бенц Спринтер унаа. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Ош шаарынын Масалиев жана Ленин көчөлөрүндө болгон. Мас абалындагы айдоочу төртүнчү унааны коюп кеткенден кийин жолдун четиндеги бордюрду сүзүп барып токтогон.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ош шаарында "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасынын айдоочусу мас абалында төрт машинаны сүзүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Кыргызстанда күнүгө жол кырсыгынан үч адам каза болот
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 19.50дө Масалиев проспектисинде болгон. Мас айдоочу "Тайота-Авенсис" унаасын сүзүп, Ош мамлекеттик университеттин жанынан "Митсубиси" жана "Дэу-Матис" машиналарын коюп кеткен. Андан соң Ленин көчөсү менен бара жатып "Хонда Фит" унаасын коюп кеткенден кийин жолдун четиндеги бордюрду сүзүп барып токтогон.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар атайын шаймандары менен спринтердин агып жаткан күйүүчү майын токтотуп, кооптуу жерлерге кум чачып беришкен. 

Айдоочу МАИ кызматкерлери менен териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0