ӨКМ сууга чөккөн кызды куткарып калган жаранды медаль менен сыйлады

© пресс-служба МЧС КРТоңдун Бар-Булак айылында сууга чөгүп бара жаткан кыздын сактап калган Таалайбек Тункушев.
Тоңдун Бар-Булак айылында сууга чөгүп бара жаткан кыздын сактап калган Таалайбек Тункушев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя каармандын үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн учурунда болгон. Тункушев эч кандай коркуу сезими болбогонун, башында бир гана кызды сактап калуу керек деген ой жашаганын белгилейт.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Тоңдун Бар-Булак айылында сууга чөгүп бара жаткан кыздын сактап калган Таалайбек Тункушевди Өзгөчө кырдаал министрлиги мекеменин медалы менен сыйлады. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын 8-августунда Тункушев үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн. Анын айтымында, ошол күнү аба-ырайы начарлап, катуу шамал болуп жаткан. 

"Жаңы эле сууга бутумду салып жатсам бир аял чуркап келип, көлдө бир кыздын чөгүп бара жатканын айтты. Кыздын элесин араң эле көрдүм — ал бирде көрүнүп, бирде жок болуп кетип жатты. Жанында эч ким жок экен, баары суудан чыгып кетишиптир. Толкунга карабай сууга кирдим. Жакшы сүзгөндүктөн эч кандай коркуу сезими болгон жок", — дейт куткаруучу.

Тункушев кызды суудан алып чыккан. Ал Кыргыз мамлекеттик унаа, байланыш жана архитектура университетинин студенти болуп чыкты. 

Тункушев CLICK AIRWAYS авиакомпаниясына таандык ИЛ-76 учагынын бортинженери болуп эмгектенет.

Өз сөзүндө куткаруучу сууга түшүү эрежелерин бекем сактоо керектигин, сүзгөндү билбегендер жээктен алыс кетпеши керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0