Нарындагы митинг соңуна чыкты

© Кумондор УсуповНарындын жашоочулары митинг учурунда.
Нарындын жашоочулары митинг учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингчилер менен өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери каршылык акциясында айтылган талаптарды талкуулап жатат.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Нарында жергиликтүү тургундар тарабынан уюштурулган митинг соңуна чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Нарында бир нече жүздөгөн адам суукка карабай митингге чыкты
300гө чукул киши катышкан нааразылык акциясы шаршемби күнү тоолуу аймак жашоочуларынын айлык акысына кошуп төлөнүп келген каражаттын 50 пайызын алып салуу боюнча мыйзам долбооруна каршы уюштурулган. Митингчилер ушул сыяктуу дагы бир документ иштелип чыкпай тургандыгына кепилдик талап кылышты.

Мындан тышкары, акцияда турак жай жана унааны камсыздандыруу, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери да көтөрүлдү.

Маалымат кызматтын билдирүүсү боюнча учурда митингчилерден турган комиссия менен айтылган талаптар талкууланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0