Бишкекте унаалардын номерин уурдап, ал үчүн кайра акча талап кылган топ кармалды

Жазылуу
Кылмышкерлер кымбат баалуу унааларды гана бутага алышкан. Уурдалган номерлерди кайтарып берүү үчүн алар машине ээсинен орточо эсеп менен 100 доллардан талап кылып келишкен.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте кымбат баалуу унаалардын номерин уурдап, ээсин опузалоо менен акча талап кылган кылмыштуу топ кармалганын шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышкерлер унаалардын мамлекеттик номерлерин чыгарып кетип, ордуна акча сала турган "4634318" өздүк эсебин таштап келишкен. Орточо эсеп менен алар унаа ээсинен 100 доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан. 

Акча жана паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бирөөгө таандык унаанын документин жасап, башкаларга сатып жиберген аял кармалды
Милицияга алгачкылардан болуп Lexus RX 330 үлгүсүндөгү унаанын 28 жаштагы ээси, казакстандык Айнура аттуу жаран кайрылып, уурулардын акча талап кылып жатканын айткан.

Бул факты боюнча Октябрь РИИБ кылмыш ишин козгоп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 22 жана 29 жаштагы эки жаран кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ушундай эле доомат менен милицияга дагы эки тургундун кайрылганы айтылууда. 

Милиция кызматкерлери ушундай кылмыштын курмандыгы болгон жарандарды укук коргоо органдарына кайрылуусун өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0