ЦУМга бомба коюлгандыгы тууралуу айткан жаран кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовУюлдук телефон кармаган киши. Архив
Уюлдук телефон кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалган маалымат тараткан 58 жаштагы жаран өз аракетин милиция кызматкерлеринин ыкчамдыгын текшерүү үчүн жасаганын айтты.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкекте ЦУМга бомба коюлгандыгы тууралуу айткан жаран кармалганын ШИИБ билдирди.

Диспетчер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия жарандыгын алуу үчүн мектептеги бомба жөнүндө жар салган кыргызстандык кармалды
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына бомба тууралуу ишемби күнү маалымат түшкөн. Текшерүүгө чыккан топ маалыматтын жалган экенин аныкташкан.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 58 жаштагы жаран кармалды. Суракка алынган жаран "милиция кызматкерлери ушунча шамдагай экенин" билген эмес. 

Учурда бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 228-беренесинин (Теракт тууралуу жалган маалымат таратуу) негизинде кылмыш ишин козгоо каралып жатат. Мыйзам боюнча, жалган маалымат тараткан адам үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0