Баткен шаарынын мэри кызматтан кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина кладет бумаги в портфель. Архивное фото
Мужчина кладет бумаги в портфель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн маалымат кызматы Жалалов жумушун өз деңгээлинде аткара албай жаткандыктан ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов ээлеген кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду.

Маалыматка ылайык, Жалалов жумушун аткара албай жатканын айтып, иштен өз ыктыяры менен кетүү боюнча арыз жазган.

Өткөн жылдын соңунда өткөн өкмөттүн жыйынында Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалаловдун ишин канааттандырарлык эмес деп табуу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0